Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында кароосуз жүргөн малдардын ээлерине айып салынды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 1-февралда таштанды аралап жүргөн малдар камалып, алардын ээлерине айып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, акыркы убактарда уйлардын таштанды аралап, малдын кароосуз жүргөнү шаар тургундары тарабынан кызуу талкууга алынып жаткан.

«Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери эртеден кечке шаардын 4 аймагында таштанды аралап жүргөн 9 жылкыны жана 50гө жакын уйду камашты. Андан кийин мал ээлери чакырылып, аларга карата акт түзүлүп, экологиялык-техникалык инспекция кызматы тарабынан айып салынды», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө белгиленгендей, эми бул иш күн сайын жүргүзүлүп турат. Мал ээлери ээн жүргөн малын көзөмөлдөбөсө мэриянын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссия чара көрөт. Ошондой эле, айып пулдун өлчөмү жогорулатылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1231
Көп окулду
×