Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.02.2018 13:08

Нарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу талкууланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулук, суицид жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ОИИБдин алдындагы коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Жаныбек Шерманкунов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага облустук прокуратуранын кызматкерлери, ОИИБдин башчысы, жаштар уюмдарынын төрагалары, шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардагы 10 мектептин жетекчилери, мугалимдери катышты.

«Тегерек стол жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, алардын өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу, зордук-зомбулукка кабылуусун жана диний экстремисттик уюмдардан сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду. Анан алкагында өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча сунуштар айтылып, суроо-жооп менен коштолду. Жыйында облустун казысы сөз сүйлөп, өспүрүмдөр менен иштөөдөгү кемчиликтерге токтолду», - деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча сунуштар Бишкек шаарына жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×