Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.01.2018 15:22

Нарын шаарында кургак учукка чалдыккан 74 адам каттоодо турат

Turmush -  Нарын шаарында кургак учук менен ооруган 74 адам каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өткөн коллегияда маалымдалды.

Маалым болгондой, 2017-жылы кургак учукка жаңы чалдыккан 23 адам катталды. Бул 2016-жылга караганда 17 адамга аз. «Калкты кургак учуктан сактоо» мыйзамынын негизинде аталган ооруга кабылган адамдарды ооруканаларда жана санаторийлерде дарылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен жылына 1 жолу 40 миң сом бөлүнөт.

Ошондой эле, Нарын шаарында өткөн жылы ВИЧ/СПИД илдети боюнча 22 адам катталса, 2016-жылы 15 адам жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×