Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Меценат М.Исагалиев Нарын облустук ооруканасына реанимобиль белек кылды (фото)

Turmush -  Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө меценат Мирлан Исагалиев реанимобиль унаасын белек кылды. Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мурат Алияскаров билдирди.

Анын айтымында, Германия өндүрүшүнөн чыгарылган унаа мурдагыларга караганда ыңгайлуулугу менен айырмаланат.

«Анын ичинде бейтаптарды алып келүүдө бардык шарттар түзүлгөн. Бөлүмдө эми иштөө бир кыйла жакшырып, медициналык жардам көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди ал.

М.Исагалиев тарабынан ушул жылдын 25-январында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына тез жардам унаасы белекке берилген.

Буга чейин маалымдалгандай, 2017-жылдын 10-мартында Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылган. Анын курулушуна жергиликтүү тургун Мирлан Исагалиев 10 млн сом которгон.

Ал борборду ата-энесинин урматына курууну чечкен. Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты, сууну тазалоочу система, 5 сыналгы, муздаткычтар орнотулган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, гемодиализ борбору 5 орунга ылайыкталган. Борбор шаардык оорукананын аймагында жайгашкан.

Курулуш 2016-жылдын июнь айында башталган болчу. Борбордун имараты 40 тонналык 4 контейнерден курулуп, 60 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда регистратура, күтүү залы, 5 орундуу процедуралык зал, көмөкчү жай, медициналык кызматкерлер үчүн бөлмө жана санитардык түйүн орун алган.

Балыкчы шаарынын мэриясынын көмөктөшүүсү менен жылытуу системасы, электр энергиясы жана суу киргизилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен борборду кадрлар менен камсыз кылуу жана аларды окутуу маселеси чечилген. Шаардык ооруканадан 5 кызматкер бөлүнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1308
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×