Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарын шаарында таза суу жана таштандынын төлөмү 20%га көтөрүлдү

Turmush -  Нарын шаарында таза сууга жана тазалыкка болгон төлөмдөрдүн тарифи 20%га жогорулады. Мындай чечим шаардык кеңештин кезексиз жыйынында кабыл алынганын аймактык кабарчы билдирди.

Анда белгиленгендей, эми шаардын тургундары таза суу үчүн айына 23 сом жана тазалыкка 12 сом төлөп башташат.

Буга чейин Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында таза сууга жана тазалыкка болгон төлөмдөрдүн тарифин 4 сомго жогорулатуу демилгеси көтөрүлгөн болчу. Жыйында тургундар суудан, таштандыдан түшкөн каражаттар өз убагында бюджетке түшүп, сол чөнтөккө кетпесе эле учурдагы тариф жетиштүү экенин белгилешкен.

Көп кабаттуу үйдөгү, канализациясы бар жер тамдагы 1 адамга 1 айга таза суу үчүн 19,60 сом төлөм алынса, жаңы тариф менен 23,72 сом болот. Ыплас сууга 19 сом болсо, эми 23 сом төлөм алуу күтүлөт. Ал эми үйүнүн ичинде суусу бар, бирок канализациясы жок тургундар 1 адамга 1 айга 19, 41 сомдун ордуна 23,72 сом, көчөдөгү түтүктөн суу алгандар 4,25 сомдун ордуна 8,30 сом, коммуналдык бюджеттеги мекемелер 1 м/куб суу үчүн 18 сомдун ордуна 21 сом, чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчик ишканалар 19 сомдун ордуна 23 сомдон төлөм жүргүзүп калышат. Ал эми таштандылар үчүн тарифтин баасы мурда 8 сом болсо эми 12 сомго жогорулады.

Бирок бул сунуштарга шаардын көпчүлүк тургундары каршы болсо, айрымдары ишкананын ишин жакшыртуу үчүн 4 сом көп эместинин белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1870
×