Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындын 150 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө үчүн шаардыктар өлкө башчысына кайрылуу жөнөтүштү

Turmush -  Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө үчүн нарындыктар президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Сапар Исаковго кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу жазуучулар союзунун мүчөсү Каныбек Бокоев билдирди.

«Нарын шаарынын 150 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөө үчүн өкмөттүн 2018-жылы кабыл ала турган иш-чараларынын катарына киргизип берүүңүздөрдү жана Турдуке баатырдын, Кармышак хандын ысымдарын Бишкектин көчөлөрүнө ыйгарып, аталган 2 инсандын жана генерал-губернеторлор А.Г.Колпаковский менен А.О.Дюгамелдин бюсттарын орнотууга көмөктөшүүнү суранабыз. Ошондой эле, Нарын шаарын "Данакер" ордени менен сыйлоону өтүнөбүз», - деп айтылат кайрылууда.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракеси ушул жылдын 17-сентябрында белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×