Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 25.01.2018 16:49

Нарында 4 жылдыздуу мейманкана курулат (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Европа ɵнүктүрүү банкынын «Чакан ишкерликке кеӊеш берүү» долбоорунун колдоосу менен эл аралык стандарттагы тɵрт жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу шаар бийлиги менен кеңешүү үчүн Канададан жана Англиядан тажрыйбалуу адистер келишти.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Канададан келген Брайан Баллингал жана Англиядан келген Брайан Мерфи мырзаларды кабыл алып, кызматташуу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүздү. Жолугушуу учурунда Э.Алымкулов меймандарга Нарын шаары тууралуу маалымат берип, туристтерге кызмат кɵрсɵтүү акырындык менен жолго коюла баштаганын белгиледи. Канададан келген эл аралык кеңешчи Брайан Баллингал жергиликтүү бийликтин кабыл алуусуна ыраазычылык билдирүү менен бул жерге ɵздɵрүнүн билими менен бɵлүшкɵнү келгенин айтты. Ал эми Брайан Мерфи чакан мейманканалардагы ыӊгайлуулуктарды түзүү үчүн атайын программа менен окутууларды жүргүзүшɵрүн, башка долбоорлор боюнча да кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Европа ɵнүктүрүү банкынын «Чакан ишкерликке кеӊеш берүү» долбоорунун ɵкүлү Алмаз Кемеловдун айтымында, мɵɵнɵтү 18 айга чейинки мезгилди камтыган бул долбоорго болжол менен 45 миӊ евро каражат керектелет. Анын 90 пайызын Европа ɵнүктүрүү банкы, 10 пайызын ɵздүк салым катары мейманкананын ээси чыгарат. Бул каражат чет ɵлкɵдɵн мыкты кеңешчилерди алып келүү, акысын тɵлɵп берүү, жеке ишкердин чет ɵлкɵгɵ барып тажрыйба алмашуусу сыяктуу чыгымдарды каржылайт.

Долбоор буга чейин Нарын шаарындагы ири соода комплекстерин автоматташтыруу, дизайндык жасалгалоо боюнча бир катар иштерди аткарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×