Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарын шаарында эки жигит мал уурдоого шектелип кармалды

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары мал уурулугу менен кармалышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө Хутор Ак-Талаа айылынын 39 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылдын ноябрь айында талаадан 1 баш малы белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары Нарын шаарынын тургундары — 29 жаштагы Т.М. менен А.А. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр күнөөнү толугу менен мойнуна алышты.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1588
×