Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 25.01.2018 10:38

Айыл турмушу: Банк кызматкери А.Эсенгулова буйрутма менен түрдүү азем белектерди жасайт (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 23 жаштагы тургуну Айканыш Эсенгулова банк кызматкери болсо дагы айымдардын ободок, билерик, шуруларын жана кагаздан гүлдөрдү жасап кошумча киреше таап келет. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, эмгектерин өзгөчө жасоого аракет кылат.

«Учурда мындай түрдүү шурудан азем белектерди жасап саткандар арбын. Анын ичинде мен дагы бармын. Бул кошумча иш менен 2 жылдан бери алектенип келем. Бирок мен башкалардын жасоо идеясын тартып алганды жактырбайм. Учурда бардыгы окшош болгондуктан, азербайжандыктардын жана кавказдыктардын жасоо ыкмасын көрүп, өзүмдүн чыгармачылыгым менен көркөмдөп жасайм. Учурда актуалдуу болуп жаткан чачка таккан түрдүү ободоктор, билериктер, шуурулардын түрүн жана гофр кагазынан өзгөчө кылып жер жемиш, шоколад, момпосуй жана башка көптөгөн таттуулар менен гүлдүн түрүн жасап сатам. Нарында эле эмес бардык жерлерде мындай гүлдөр туулган күндөргө, майрамдарда белек кылганга өзгөчө өтүмдүү болуп жатат. Көбүнчө буйрутма менен жасатышат. Келе жаткан 14-февралга дагы өзгөчө идея менен гүлдөрдүн түрүн жасайын деп даярданып жатам», - дейт ал.

Айканыштын билими экономист.

«Мен Нарын мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктагам. Учурда Нарын шаарындагы банкта кассир болуп эмгектенип келем. Жумуштан кийин бош убактымды текке кетирбей буйрутма менен иштейм. Бул иш менен алектенип баштаганыма 2 жылдын жүзү болсо дагы, кол өнөрчүлүккө кызыгуум бала кезимде эле бар болчу», - деди ал.

Айканыш 1 кыздын мээримдүү энеси. Алдыда бул өнөрүн дагы өркүндөтүп, чач жасалгалоону үйрөнүп, кошумча ишкердик кылууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×