Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарындыктар шаардагы таштанды урналарды аралаган уйлар көзөмөлгө алынбай жаткандыгына нааразы (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы таштанды урналарды аралаган уйлар жугуштуу ооруларды таратып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Шаар тургуну Бермет Абрахманованын билдиргенине караганда, шаар ичинде кароосуз жүргөн малдарды текшерип жана көзөмөлгө алуу боюнча иш-аракеттер жүрбөй келет.

«Нарын шаарында ээн жүргөн малдарды текшерип, мал ээлери менен биргеликте иш жүргүзүү үчүн Нарын шаардык мэриясынын алдындагы атайын комиссия түзүлдү эле. Тилекке каршы шаар макамына ээ болгон Нарыныбыз айыл-кыштактан айырмасы жок болуп калды», - деди Б.Абрахманова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1013
×