Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарындыктар ипотекага үй алып башташты

Turmush -  Нарын шаарынын тургундарына мамлекеттик «Жергиликтүү турак жай» программасынын алкагында ипотекалык негиздеги үйлөр берилип баштады. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси Нурлан Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, турак жай алууга мэрияга 300дөн ашык жарандан арыз түшкөн.

«Мэриянын алдындагы комиссия документтерди карап чыгып, 71 адамга ипотекалык үй берүү чечимин чыгарган. Алар турак жайларга ээ болуп, тиешелүү насыяларды төлөп башташты. Ошондой эле, 60 батирлүү 5 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Анын ичинен 30 батир бир бөлмөлүү болсо, 30у 2 бөлмөлүү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1550
×