Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарында жыл башынан бери 240 жолбун ит атылды

Turmush -  Нарын шаарында кутурма, эхинококкоз сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында мэриянын атайын буйругунун негизинде жолбун иттерди атуу иштери жүрүп жатат. Жыл башынан бери 240 жолбун ит атылды. Бул тууралуу мэриянын башкы адиси Абдылда Ибраев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 216 миң сом бөлүнүп, 1 миңге жакын ит атылган. Ошол каражаттан үнөмдөлгөн аксага жыл башынан бери 240 баш ит атылды. Түзүлгөн келишимдин негизинде бир итти атуу 175 сом 25 тыйынга бааланган. Атылган иттер атайын казылып даярдалган орго ташталат. Каргалар талап кетпеш үчүн хлор себилип турат.

Шаар мэриясы быйылкы жылга 1000 ит атууну пландашкан. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом бөлүү каралган. Азыр бюджет бөлүштүрүлө элек болгондуктан бул иш убактылуу токтотулду. Акча каражаты бөлүнгөндөн баштап кайрадан жолбун иттерди жана мышыктарды атуу улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 876
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×