Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 22.01.2018 11:26

Нарындагы бала бакчаны көп жыл башкарган Ж.Бейшебаева ордун жаш кызматкерге өткөрдү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы «Бактылуу балалык» бала бакчасын кɵп жылдан бери жетектеп келген Жанымгүл Бейшебаева ордун жаштарга берип, ардактуу эс алууга чыкты. Анын ордуна 12 жылдан бери Нарын шаардык мэриясында эмгектенип келген Айзат Мурзаканова бекитилди.

Шаардык билим берүү тармагынын отчеттук жыйынында Нарын шаарынын жетекчилиги жана шаардык билим берүү бɵлүмү тарабынан Жанымгүл Бейшебаевага тереӊ ыраазылык айтылып, ардактуу эс алууга салтанаттуу түрдө узатышты. Шаар башчысы Э.Алымкулов кɵп жыл иштеп, кадыр-барк күтүп, ардактуу эс алууга ɵз ыктыяры менен чыккан Жанымгүл Бейшебаева башка жетекчилер үчүн үлгү болушу керектигин белгиледи.

«Жанымгүл эженин эмгегин билим берүү тармагы гана эмес, жалпы Нарын эли жогору баалайт. Эжебиз 43 жылдык эмгек жолунун 30 жылдан ашыгын ушул бала бакчага арнап, аны биз сыймыктанган мыкты мекемеге айландырып берди. Кɵп жыл иштеп, ушунча кадыр-барк күтүп, ардактуу эс алууга ɵз ыктыярыӊыз менен кетип жатканыӊыз да Нарын шаарындагы башка жетекчилер үчүн үлгү болушу керек. Себеби дɵɵлɵттүү куракка келип, жакшы маанай менен эс алууга чыгуу ар бир адамдын тилеги», - деп белгиледи Алымкулов.

Нарын шаардык билим берүү тармагынын кызматкерлери да эс алууга узап жаткан кесиптешине жакшы тилектерин жолдоп, белектерин ыйгарып, жаӊы жетекчиге ийгилик каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×