Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарын шаарында таза суу жана таштандынын тɵлɵмүн 4 сомго көбөйтүүнү демилгелеп чыгышты

Turmush -  Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында таза сууга жана тазалыкка болгон тɵлɵмдɵрдүн тарифин 4 сомго жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү. 19-январдагы жыйынга шаар жетекчилиги, шаардык кеӊештин депутаттары жана шаар тургундары катышып, сын-пикир менен коштолду.

Анда белгиленгендей, кошумча каражат менен жумушчулардын айлык маянасын кɵбɵйтүү, иштин сапатын жакшыртуу пландалып жатат. Бирок буга шаар тургундары каршы болушту.

Кɵп кабаттуу үйдөгү, канализациясы бар жер тамдагы 1 адамга 1 айга таза суу үчүн 19,60 сом тɵлɵм алынса, жаӊы тариф менен 23,72 сом болот. Ыплас сууга 19 сом болсо, эми 23 сом тɵлɵм алуу күтүлөт. Ал эми үйүнүн ичинде суусу бар, бирок канализациясы жок тургундар 1 адамга 1 айга 19, 41 сомдун ордуна 23,72 сом, кɵчɵдɵгү түтүктөн суу алгандар 4,25 сомдун ордуна 8,30 сом, коммуналдык бюджеттеги мекемелер 1 м/куб суу үчүн 18 сомдун ордуна 21 сом, чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчик ишканалар 19 сомдун ордуна 23 сомдон тɵлɵм жүргүзүп калышат. Ал эми таштандылар үчүн тарифтин баасы мурда 8 сом болсо эми 12 сомго жогорулайт.

Жыйында тургундар суудан, таштандыдан түшкөн каражаттар өз убагында бюджетке түшүп, сол чөнтөккө кетпесе эле учурдагы тариф жетиштүү экенин белгилешти.

Бул сунуштар боюнча Нарын шаардык кеӊешинин тɵрагасы Жыргал Ботоканов мындай коомдук угуулар чөлкөмдөрдө да болуп, элдин пикири угулгандан кийин сессияда карала турганын билдирди.

Ал эми, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Нарындагы тɵлɵмдɵр башка шаарларга салыштырмалуу аз экенин, ɵзүн каржылаган ишкана тарифтерди кɵтɵрүүгɵ муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1570
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×