Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Нарындагы айдоочулар таксилер токтоочу жайдын аукционго коюлушуна каршы чыгышты (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы базардын жанындагы таксилер токтоочу жайдын аукционго коюлуп жаткандыгына каршы болгон такси кызматынын айдоочулары Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкуловго кайрылуу үчүн чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочу Мурат Абдраимов билдирди.

Маалым болгондой, айдоочуларды Нарын шаарынын мэри, биринчи вице-мэр Нурбек Молдокадыров кабыл алды. Алар аукционго коюлуп жаткан таксилер токтоочу жайды өздөрү иштетип, пайдаланарын айтышты. Ошондой эле, айдоочулар жеке унаалары менен такси кызматында иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышкандыгын жана унаа токтотуучу жай башка бирөөгө өтүп кетсе, бул жумуштан кол жууп калышарын билдиришти.

Ал эми, биринчи вице-мэр Нурбек Молдокадыров унаа токтотуучу жайдын жери муниципалдык менчикке таандык экендигин жана мыйзамдаштырылгандан кийин аукционго коюларын билдирди. Бирок аукциондо өзүнүн кийлигишүүсү менен алардын пайдасына чечилерин убада кылды. Аталган жайда 60ка жакын унаатакси кызматын көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1339
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×