Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 19.01.2018 09:16

Нарындагы мектептер аккредитациялоодон өткөрүлөт (видео)

Turmush -  Нарын шаарынын мектептери аккредитациялоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарынын билим берүү мекемелери өкмөттүн токтомунун негизинде негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын каттоо жөнүндөгү жобонун негизинде аккредитацияланат. Анын негизги максаты билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана ага карата жүргүзүлгөн иштерди талдоо болуп саналат. Учурда бардык мектептерде даярдык көрүлүп жатат.

Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо — мамлекттик же мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан белгилүү бир көрсөткүчтөрдүн негизинде тигил же бул окуу жайлардын ордун аныктоо жана ага жараша аларга баа берүү, ишеним көрсөтүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×