Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Нарын шаарындагы жолбун иттер жана мышыктар атылууда

Turmush -  Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Нарын шаарындагы жолбун иттер жана мышыктар атылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Абдылда Ибраев билдиргендей, шаар мэринин 2017-жылдын 15-декабрындагы №385 «Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу кутурма, эхинококкоз сыяктуу оорулардын тарап кетишине бɵгɵт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттерди атып жок кылуу жɵнүндɵгү» буйругунун негизинде тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилген.

Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун союзу тарабынан бекитилген сметага ылайык Нарын шаардык «Таза Нарын» ишканасы менен келишим түзүлүп, бүгүнкү күнгɵ чейин 185 баш жолбун иттер атылган. Бул иш-чара 2018-жылдын 31-мартына чейин улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2761
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×