Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.01.2018 15:47

Нарында эл аралык турнирдин алгачкы беттештери башталды (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы муз аянтчасында тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпиону, СССРдин кичи футбол боюнча спорттун чебери Т.Токтосуновдун кубогуна арналган эл аралык турнир башталды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов, шаардык кеңештин төрагасы Жыргал Ботоканов жана шаар тургундары, спорт күйөрмандары катышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү спортчуларды куттуктап, аларга ийгилик каалашты. Андан кийин келген меймандарга сөз берилди.

Челябинск шаарынын командасынын атынан сөз сүйлөгөн Станислав Мошаров жана Казакстандын командасынын атынан сүйлөгөн Абигапар Сагадат Едигеулы өз өлкөлөрүнүн спорт ышкыбоздорунун атынан салам айтышып, Нарын жергесине келип, оюн көрсөтүп жаткандыгына кубанычта экендигин билдиришти.

Аталган мелдешке Россиянын Челябинск шаарынан, Казакстандын Алмата шаарынан жана Кыргызстандын аймактарынан келген командалар катышып жатышат. Оюн эки күнгө созулуп, 4 команда бири-бири менен беттешүү өткөрүшөт.

Турнирдин алгачкы беттешинде Челябинск жана Алмата шаарларынан келген командалар оюн көрсөтүп, Челябинск шаарынын командасы 8:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×