Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарында өткөн жылы өрттүн кесепетинен 651,2 миң сом материалдык чыгым болгон

Turmush -  Нарын шаарында 2017-жылы 24 өрт кырсыгы катталып, ал 651 миң 167 сомдук материалдык чыгым алып келген. Бул тууралуу Нарын шаардык өрткө каршы кызматынан Медет Кенжешов билдирди.

Анын айтымында, аталган өрт кырсыктары электр жылыткычтарын туура эмес пайдалануудан жана балдардын от менен ойногондугунан келип чыккан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 17 миң 327 сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1589
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 20 адам окуп жатат)
×