Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарын шаарында калкка ыңгайлуу коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча аймактык кеңселер ачылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук жана РТС аймактарында муниципалдык менчикти укуктук жөнгө салуу жана калкка тез, ыңгайлуу коммуналдык кызмат көрсөтүү максатында аймактык кеңселер ачылып, ишке киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аймактык кеңселердин ачылышына Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов, шаардык кеңештин төрагасы Жыргал Ботоканов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана тургундар катышты. Ар бир аймактык кеңселерде башчы, катчы жана жер адиси болуп үч кызматкер иш жүргүзүшөт. Кеңселердин имараттарын курууга жергиликтүү бюджеттен 900 миң сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 763
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×