Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусу, Нарын 06.01.2018 21:32

Нарын шаарында жолбун иттер көбөйүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын шаарында жолбун иттер көбөйүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургуну Марипа Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, бул кышта жолбун иттер атыла элек. Ошондой эле, шаардагы таштанды төгүүчү жайларда, соода түйүндөрүнүн алдында жана базарга жакын аймактарда ээси жок иттер көбөйүп кеткен.

«Шаардын аймагында ээси жок иттер атылбай жатат. Көчөгө чыккандан коркуп калдык. Тез арада чара көрүлүп, жолбун иттер атылса жакшы болмок», - деди ал.

Адистер белгилегендей, жолбун иттерди кышында атып түгөтүү керек. Жайында иттерди атууга болбойт. Анткени ит кутурма оорусу менен жабыркаса каны жерге түшүп, жугуштуу илдеттер пайда болот.

Нарын шаардык кеңешинин бюджетинен жыл сайын жолбун иттерди аттырууга 150 миң сомго жакын каражат бөлүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×