Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Нарында кышкы спорттук эстафета оюндары уюштурулду (фото)

Turmush -   Нарын шаарында бүгүн, 5-январда Ташболот Токтосунов атындагы жабык муз аянтында мектеп окуучулары арасында «Кɵӊүлдүү старт» аталышындагы кышкы спорттук эстафета оюндары ɵткɵрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, спорттук иш-чараны Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаарындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү уюштурган. Ал окуучулардын кɵӊүлдүү эс алуусун камсыздоо максатын кɵздɵйт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бɵлүмүнүн башчысы Рысбек Касымалиевдин айтымында, каалоочулар аталган жабык муз аянтында коньки тээп, эс алып кетишсе болот.

«Мелдешке катышууну каалаган бардык окуучуларга эшик ачык болуп, кышкы спорттун түрлөрү боюнча оюндар уюштурулду. Оюндун жеӊүүчүлɵрүнө кызыктыруучу белектер берилди», - деди Р.Касымалиев.

Эстафетаны уюштурууга Нарын шаардык мэриясы тарабынан 13 миң сом каражат бөлүнгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2353
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×