Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарын облусунун жетекчиси жаш дарыгерлердин иши менен таанышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов жаш дарыгерлер менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушууда жаш дарыгерлердин көйгөйлөрү, ооруканалардын имаратынын жана медициналык жабдуулардын эскилиги, айлык акынын төмөндүгү айтылды. Өз кезегинде облус башчысы алар тарабынан коюлган маселелер акырындык менен чечилерин убада кылды. Ошондой эле, Аманбай Кайыпов жаш дарыгелер үчүн оңдоодон өткөн жатакана менен таанышып чыкты.

Эске салсак, Нарын облусуна акыркы үч жылда 16 жаш дарыгер келип иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1511
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×