Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Оттук айылынын окуучулары Нарын шаарындагы маданий жайларды кыдырышты

Turmush -  Нарын районундагы Оттук айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Нарын шаарындагы маданий жайлар менен таанышты. Бул тууралуу мектептин директорунун орун басары Гүлү Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, жакшы окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга маданий жайларды кыдырууга мүмкүнчүлүктөр берилген. Окуучулар Нарын шаарындагы муз аянтчасында, сүрөт галереясында, Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде болушуп, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов менен жолугушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 635
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×