Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарын шаарында жаңы жылдан кийин 24 унаа таштанды чыгарылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында жаңы жылдык майрамга байланыштуу 356 метр куб (24 унаа) таштанды чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Нарын шаардык мэриянын алдындагы «Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Сурановдун айтымында, ишканада 19 жумушчу таштанды чыгарып иштешет. Күнүнɵ 7-8 унаа менен тынбай таштанды ташылат. Ал эми дем алыш күндɵрү нɵɵмɵт менен 3-4 унаа кызматта болот.

«Майрам күндɵрү иштебесек шаарды таштанды басып калмак. Жашоочулар 1-январдан 4-январга чейин эс алып жатса, «Таза Нарындын» кызматкерлери адаттагыдай эле жумуш үстүндɵ болуп, таштандыларды чыгарышты.

Шаар тургундары малдын кыгын, чɵбүн, терилерин, анын үстүнɵ ысык күлдү тɵгүп коюшат. Түтɵп эле жатып калабыз. Экология башкармалыгы бизди күнɵɵлɵйт», - деди ишкананын жумушчусу Зарылбек Чокоев.

Ал эми «Таза Нарын» ишканасынын дагы бир жумушчусу Белек Медеров майрам күндɵрү таштанды чыгарып, жумуштан бошобойт. Балдарын эс алуу жайларына алып чыга албай калганда абдан ыза болорун айтты. Ошондой эле, алардын эмгегин билбеген айрым адамдарга нааразы экенин билдирди.

Буга чейин Нарын шаарында таштандылар өз убагында тазаланбай жаткандыгын тургундар билдиришкен болчу.

«Жаңы жылдан бери тазалык мекемесинин кызматкерлерин көрө алганым жок. Жаңы жыл түнү толгон таштандылар ушул кезге чейин турат. Көзөмөл кылган адам барбы же таштанды чыгарып иштегендер узак убакытка эс алууга чыгышканбы, шаардын тазалыгын карашпайбы?» - деди шаар тургуну Асанкожоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×