Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарын шаарында таштандылар өз убагында тазаланбай жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын шаарында жаңы жыл түнүнөн бери таштандылар өз убагында чыгарылбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургуну Калипа Асанкожоева билдирди.

Анын айтымында, шаардын аймагындагы таштанды таштоочу урналар акыр-чикирлерге толуп, анын кесепетинен көчөлөр булганып жатат.

«Жаңы жылдан бери тазалык мекемесинин кызматкерлерин көрө алганым жок. Жаңы жыл түнү толгон таштандылар ушул кезге чейин турат. Көзөмөл кылган адам барбы же таштанды чыгарып иштегендер узак убакытка эс алууга чыгышканбы, шаардын тазалыгын карашпайбы?» - деди Асанкожоева.

Ал эми «Таза Нарын» ишканасынын жетекчилиги учурда жумушчулар таштанды чыгарып, күнү-түнү иштеп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, айрым аймактарга жетишпей жатышкандарын билдиришти.

Нарын шаары боюнча 222 таштанды төгө турган челектер бар, бир күндө болжол менен 1,5-2 миң метр куб таштанды чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1194
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 9 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 5 адам окуп жатат)
×