Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Нарында тарыхый окуялар эскерилди (фото, видео)

Turmush -  

Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектебинде Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында «100 жылдыктын тарыхта калтырган издери» аталышында семинар өттү. Бул тууралуу мектеп директору Аскат Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, семинарга НМУнун тарых факультетинин студенттери жана мектептерден келген тарых сабагынын мугалимдери катышты. Семинардын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган «Ажар», «Үркүн» чыгармалары көрсөтүлүп, Токтогул жөнүндө сахналаштырылган кыска сценкалар көрсөтүлдү.

Айрыкча «Ажар» чыгармасынан аткарылган үзүндү семинардын катышуучуларынын көңүлүн өзүнө бурду. Семинардын аягында мугалимдер жана студенттер өз ой-пикирлерин айтышып, эскерүү кечеси өз максатына жеткендигин белгилешти.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2288
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×