Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарында чек арачыларга салынган турак үйдүн ачкычтары тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда Нарын шаарындагы Тайлак баатыр атындагы №2025 чек ара аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине салынган турак жайдын ачкычтары тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, турак жайдын ачылышына өкмөт башчы Сапар Исаков катышты. Чек ара кызматкерлерине салынган 24 батирлүү турак жайдын пайдубалы ушул жылдын апрель айында башталган. Ал 3 кабаттан туруп, Россиянын «Күч органдарын жана аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо» багытындагы долбоорунун каржылоосунун негизинде курулган. Курулуштун сметалык баасы 48 млн 233 миң сом каражатты түзгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, турак жайга таза суу түтүктөрү, жылытуу системасы жана электр жабдуулары толугу менен орнотулуп, 6 батир 2 бөлмөлүү, 18 батир 1 бөлмөлүү болуп салынган.

Тема боюнча: Нарында ЖАМКтын кызматкерлерине салынган турак жайдын ачкычтары тапшырылды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1957
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×