Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарында ЖАМКтын кызматкерлерине жаңы турак жайдын ачкычтары тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын шаарында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине салынган 24 батирлүү турак жайдын ачылышына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине салынган 24 батирлүү турак жайдын пайдубалы ушул жылдын апрель айында түптөлгөн. Турак жай 3 кабаттан турат, ал Россиянын «Күч органдарын жана аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо» долбоорунун каржылоосунун негизинде курулган.

Курулуштун сметалык баасы 45 млн 510 миң сом каражатты түзөт. Турак жайга таза суу түтүктөрү, жылытуу системасы жана электр жабдуулары жакында эле орнотулуп бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2394
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 19 адам окуп жатат)
×