Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Нарында облус башчысынын балаты майрамына памирлик балдар катышты (видео, фото)

Turmush -  

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде облус башчысынын жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага аба ырайынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Нарын районунан жана Нарын шаарынан чакырылган социалдык коргоого муктаж балдар жана памирлик кыргыздардын балдары катышты. Майрамды облус башчысы Аманбай Кайыпов ачып, аларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, 79 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Кеченин катышуучуларына Нарын облустук музыкалуу драма театрынын актерлору даярдаган «Жаңы жылга сапар» жомогу тартууланды. Ошондой эле, Аяз ата менен Аяз кызга кичинекей бөбөктөр жаттап келген ырларын айтышып, өз өнөлөрүн көрсөтүшүп, белектерди алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2137
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×