Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусу, Нарын 28.12.2017 18:16

Нарында лидерлик боюнча квалификациясын жогорулаткандар сертификат алышты (фото)

Turmush -  Жаштар лидерлеринин жарандык активдүүлүгүн өрчүтүү максатында «Жаштар лидерлеринин дараметин жогорулатуу» аталышындагы алты айлык курстун жыйынтыгы чыгарылып, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын Жаштар ордосунун директору Жыргал Ражабов билдирди.

Анын билдиргенине караганда, аталган курс 2013-жылдан тарта республикалык деңгээлде Бишкек шаарында жүзөгө ашырылып келген болсо, 2017-жылдан баштап аймактагы жаштар уюмдарынын дараметин арттыруу үчүн жер-жерлерде өткөрүлгөн. Алты айлык курстун негизинде облустун бардык райондорунан келген жаштарга окуулар өткөрүлгөн. Алардын ичинен 7 катышуучу өз демилгелерин чакан долбоорлордун негизинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Долбоор Германия эл аралык кызматташтык коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун каржылоосунун негизинде өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×