Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарында экстремизм жана радикализмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Turmush -  Нарын шаарында диний тармакта иштеген кызматкерлерге жана медреселерде окуган студенттерге Ички иштер министрлигинин кызматкерлери радикализм, экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара 19-декабрда ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан диний экстремизм жана радикализмди алдын алуу максатында өткөрүлдү. Ага медресенин студенттери, Нарын шаарынын имамдары жана казыяттын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө терроризмди алдын алуу жолдору жана радикализмдин белгилери түшүндүрүлдү. «Диний радикализм өңдөнгөн көрүнүштөр байкалса диний илими терең медресе мугалимдерине, дин таануучуларга, теологдорго, мечиттин имамдарына жана 10-бөлүмгө кайрылуу керектиги эскертилди», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Аталган бөлүм мыйзамсыз миграция, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү иштерин аткарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 730
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 23 адам окуп жатат)
×