Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Нарындын тургундары мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырышты

Turmush -  Нарын ШИИБдин кызматкерлери «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине Нарын шаарынын 29 жаштагы К.М. аттуу тургуну Нарын районунун Кызыл-Бел аймагындагы талаадан таап алган «К-32» үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралынын стволун өз ыктыяры менен тапшырган.

Ошондой эле, Нарын шаардык милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар мыйзамсыз сактап жүрүшкөн «РС 22 К» үлгүсүндөгү 5,6-калибрдеги ок атуучу куралын, «ИЖ-16» үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралынын стволун жана «К-32» үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришкен. Ал эми, 19 жаштагы жергиликтүү тургун «MP-654К Gal» үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчаны жанына алып жүргөн жеринен кармалган. Алынган тапанчаны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот. Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын билдиришет», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1409
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×