Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Футзал боюнча Нарын облусунун кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  

Нарын шаарында өткөн футзал боюнча Нарын облусунун кубогунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Элзар Мусаев билдирди.

Маалым болгондой, футзал боюнча Кыргыз Республикасынын кубогунун алкагында Нарын облусунун кубогу өтүп, ага 14 команда катышты. Командалар 4 топко бөлүнүп, мелдеш өткөрүштү. Андан соң топтордун жеңүүчүлөрү эки оюн өткөрүшүп, кубок үчүн финалдык беттеш болду. Анда «Чыгыш электр» командасы менен Нарын ОИИБдин командасы күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында «Чыгыш электр» командасы жеңишти камсыз кылып, Нарын облусунун чемпиону болду. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана медалдар тапшырылды. Ал эми Аманкожев Мирлан «Мыкты чабуулчу», Жумакадыров Дастан «Мыкты дарбазачы», Кубанычбеков Марат «Мыкты оюнчу» наамдарын алып, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1609
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×