Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.12.2017 09:36

Нарын шаардык мэриянын балаты майрамына 150 бала катышты (видео, фото)

Turmush -  Нарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде шаардык мэрия балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага 150 бала катышты. Алардын арасында окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Балдарды Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов куттуктап, жаңы жылдык белектерин тапшырды. Ошондой эле Нарын облустук музыкалуу драма театрынын актерлору тарабынан даярдалган «Жаңы жылга сапар» аттуу жомок тартууланды. Кеченин катышуучулары Аяз ата менен Аяз кыз койгон оюнга катышып, алардын колунан таттуу белектерди алышты.

«Майрамдын катышуучулары Аяз ата, Аяз кыз, жомоктун каармандары жана шаар мэри менен бирге балатыны айланып, жаңы жылга арналган ырларды аткарышты. Балаты майрамына Памирден келген эки бала катышып, майрамдык белек алышты», - деди Н. Мүсүралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×