Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 27.12.2017 08:36

Нарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру аяктады (фото, видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы спорт ордосунда хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру аяктады. Бул тууралуу чемпионаттын башкы катчысы Болотбек Бектемишов билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка 7 команда катышып, 2 топко бөлүнүп оюн өткөрүштү. Биринчи топто Нарын шаарынын «Ала-Тоо Дордой», Ат-Башы районунун «Ат-Башы», Түп районунун «Чолпон-Ата» командалары, экинчи топто Бишкек шарынын «Кыргыз темир жолу», Кеңеш айылынын «Учкуч», Түп районунун «Долон», Жумгал районунун «Нур Аке» командалары оюн көрсөтүштү.

Үч күнгө созулган мелдеште биринчи топто ойногон «Ала-Тоо Дордой» командасы 6 упай, «Ат-Башы» командасы үч упай топтосо, «Чолпон-Ата» командасы упай алган жок. Ал эми 2-топто ойногон «Кыргыз темир жолу» командасы 9 упай, «Учкуч» командасы 6 упай, «Долон» командасы 3 упай алып, «Нур Аке» командасы упай топтогон жок. Чемпионаттын 2-туру 2018-жылдын февраль айында Нарын шаарында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×