Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2017 16:08

Нарындык окуучулар памирлик балдар менен чогуу президенттик балаты майрамына жөнөп кетишти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Нарын облусунун окуучулары памирлик кыргыздардын балдары менен чогуу Бишкек шаарына президенттик балаты майрамына жөнөп кетишти. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунан А.Жанбоев билдирди.

Анын айтымында, президенттик балаты майрамына катыша тургандардын арасында окуунун алдыңкылары, таланттуу жана социалдык коргоого муктаж балдар, ошондой эле Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздардын 16 жашка чейинки балдары да бар.

Майрамдык иш-чарага жөнөп жатышкан балдарды Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Казымбек Мамытов кабыл алып, ак жол каалады. Аларды ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери коштоп кетишти.

Тема боюнча: Памирлик кыргыздардын балдары президенттик балаты майрамына катышат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×