Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Жаңы жылга карата Нарын ОИИБде саптык кароо өттү (фото)

Turmush -   Нарын шаарында жаңы жылда коомдук коопсуздукту жана ички тартипти сактоо максатында Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан саптык кароо өткөрүлүп, нускамалар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 26-28-декабрь күндөрү жаңы-жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде кылмыштуулуктун жана жол коопсуздугун алдын алуу, ошондой эле өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун, кызматтык тартиптин сакталышын камсыз кылуу максатында «Укук тартип» ыкчам иш-чарасын уюштуруп өткөрүү үчүн Нарын ОИИБдин, Нарын ШИИБдин өздүк курамына жана элдик кошуундун мүчөлөрүнө Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан саптык кароо өткөрүлдү.

Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө облустун бардык аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган кызматкерлерге көмөк көрсөтүү үчүн элдик кошуундун мүчөлөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери тартылып, кызмат өтөшөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×