Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 49 балага жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык кеңештин адиси Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын айтымында, майрамга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 49 бала чакырылган. Аларды Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргал Ботоканов жана депутаттар жаңы жылы менен куттуктап, ар бирине таттуу белектерди тапшырды. Ошондой эле, Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттери даярдашкан «Жаңы жылга сапар» жомогу тартууланды. Мындай саамалык биринчи жолу уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1113
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×