Бөлүмдөр
Ишемби, 20-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

«Тумак-сумагың менен башыңды жулуп алам! Шакал»: ЖКККБдин кызматкерине баш ийбеген айдоочу кармалды (видео)

Turmush -  Нарын шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерине баш ийбеген айдоочу кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 21-декабрь күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын сержанты К.А. менен ошол эле кызматтын кызматкери, милициянын кенже сержанты Р.У. дислокациялык баракчанын негизинде Нарын шаарынын С.Орозбаков көчөсү менен Шулер көчөлөрүнүн кесилишинде (борбордук базар) кызматтык милдетин аткарып жатышып, автоунаа токтоого тыюу салынган белгисине (жолдо жүрүү эрежелеринин 3.27 белгиси) баш ийбей токтоп турган «Тойота-Гайа» үлгүсүндөгү автоунаасынын жанына А.К. барып, айдоочуга өзүн тааныштырып, тиешелүү документтерин талап кылган.

«Бирок 1977-жылы туулган Б.Б. аттуу айдоочу А.К.нын мыйзамдуу талабына баш ийбей, маданиятсыз сөздөр менен сөгүп, автоунаасынан түшө калып, өтүп жаткан элдерди көзгө илбей, жакалап, төш тарапка уруп жиберген. Жыйынтыгында тескөөчүнүн видеорегистратору талкаланып, кийген формасы айрылган. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн айдоочу мас абалында болгондугун текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми бул окуянын күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 20675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
11111
00:47, 24 декабря 2017
Инспектор по уставу обратился нарушителю ПДД, но водитель вёл себя не адекватно. Мог бы как законопослушный гражданин показать документы, и оплатить штраф. По нему видно, что не трезвый, и не надо его защищать, от таких горе водителей погибают невинные люди. Инспектор правильно забрал ключи от автомобиля, и спасли, чью то жизнь, или ваших родственников. В США такого водителя забили бы дубинкой.
Нет аватара
Armstrong
00:33, 24 декабря 2017
Торпок!
Нет аватара
love_300000
22:43, 23 декабря 2017
Мас экени корунуп турбайбы. Ошол абалы менен бироону сузуп олтурсо согунгонун корот элек.
Нет аватара
love_300000
22:37, 23 декабря 2017
Ушундай адамдардан мамлекеттик кызматкердин укугу тебеленип жатса да, мамлекеттин алсыздыгы ушу да. Шакал деген адам уй камагында журот.
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
pediatr
17:03, 23 декабря 2017
народ должен знать своих "героев" в лицо. Показали бы его лицо
Нет аватара
mambet
17:02, 23 декабря 2017
Онугуу жок деп эле кыйкырабыз, мамлекет иштебейт ж.б. деп. Ушинтип мамлекеттик органдын кызматкерин сыйлабай энеден кетип турсак анан кантип онугобуз?! Мамлекетте тартип болбосо эч качан онугуу болбойт. Озум билемдик жана башаламандык эч качан жакшылыка алып келбейт.
Нет аватара
Kyrgyz.boy
16:13, 23 декабря 2017
aslanbbv
Кандай покушения??? ключун алганы аракет жасап атпайбы шакалдын колунан. Гаишник конфликт кылгысы келип турбайбы.
Нет аватара
Kyrgyz.boy
16:09, 23 декабря 2017
Предупреждение берсе болот элего адамча, ключун жулуп алганын кара Шакал деп туура эле айтты Шакалдын ишин кылып атпайбы. Менда айтам Шакал не грамотный шакал.
Нет аватара
sovettik
15:31, 23 декабря 2017
пусть там полежит и подумает...
Нет аватара
aka7707
14:25, 23 декабря 2017
Да люди, вы еще не попадались в руки ПМ, когда вас поймают посмотрю как вы за говорите
Нет аватара
Almazik.kg
14:08, 23 декабря 2017
Айдоочу туура эмес кылды
Нет аватара
malikaddd
12:28, 23 декабря 2017
А что сотрудник забрал ключи-правильно! Тот неадекватно вел себя,мог бы задавить кого-нибудь.
Нет аватара
jamaika05
12:03, 23 декабря 2017
В следующий раз подумает, прежде чем матерится и размахивать руками. Рядом жена вроде была, у нее тоже совести нет, молчала бы в тряпочку, а то пластинка заела одно и тоже повторять.
Нет аватара
aslanbbv
12:02, 23 декабря 2017
Надо его закрыть по статье покушение на жизнь сотрудника ГУОБДД
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×