Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Президент А.Атамбаев Нарындын активи менен жолукту (фото)

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында облустун активи жана жашоочулар менен жолугушту, деп билдирди облустук өкүлчүлүктөн.

Маалым болгондой, салттуу суроо-жооп форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө облустагы түрдүү тармакта ишке ашырылып жаткан долбоорлор, облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жана мындан аркы пландар талкууланды.

«Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун тапты, эми алдыга ишенимдүү кадам шилтейт. Мамлекеттүүлүгүбүз мындан ары чыңдалган сайын нарындыктардын тынчын алган курч маселелер комплекстүү чечиле берет», - деди президент.

Мамлекет башчысы нарындыктарга ар дайым колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушууга келген Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2106
×