Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Фото - Кыргызстандын эң байлары нарындыктар, - президент А.Атамбаев

Turmush -  Кыргызстандын эң байлары нарындыктар. Мындай пикирди бүгүн, 8-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө капсула салуу аземинде билдирди.

Өлкө башчысы кечээ, 7-сентябрда жумушчу сапар менен Нарын облусуна барып, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» программасынын алкагында Нарын шаарында көп кабаттуу үй курулуучу жерге капсула салуу аземине катышып, Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту.

«Нарындын тыңдары абдан көп. Кыргызстандын эң байлары да нарындыктар.

Ар бир облуста резиденциялар бар, убагында бекер алып алган. Эл үчүн күйөм-сүйөм деп кыйкырып аткан өзүңөрдүн эле балаңар. Бул негизи туура эмес да... Ошондуктан ар бир адам өзүнөн баштаса, кыргыз элибиз мындай кыйын мезгилдерди көрмөк эмес. Кыргызды бага тургандар, кыргызды жыргата тургандар кыргыз элин талагандан башка эч нерсе жасаган жок, аны билесиңер. Азыр бийлик элди ойлош керек. Кудайдан коркуш керек. Кандайдыр бир кыңыр иш кылса, жооп бериш керек. Мен деле жаңы президент шайлангандан кийин эч жакка качпайм, Кыргызстанда калам. Кандайдыр бир кыңыр ишим чыкса жооп берем. Ачыгын айтайын. Корко турган эч нерсем жок. Кыргызстандын атка минери ошого көнүш керек да...», - деди өлкө башчысы.

Ал күздө өтө турган президенттик шайлоодо нарындыктарды саясатчыларга алданбоого чакырды.

«Урматтуу менин мекендештерим, алданып кетпей силер дагы ойлонуп жүргүлө. Биз абдан байыркы элбиз. Кудайга рахмат, кайрадан тилибизди, дилибизди, тарыхыбызды эскертип атабыз. Башкалар дагы айла жок, башын ийкеп жатат. Керек болсо башка мамлекетте жашаган улуттар, Россиянын Алтай Республикасынын эң белгилүү жазуучусу келип, "биз кыргызбыз" деп айтып жатат. Биз эки тоонун ортосунда талашпай, саясатчыларды угуп, түндүк-түштүк, Нарын, Талас болуп, Жалал-Абад, Ош болуп бөлүнбөйлү.

Убагында эле таза адам шайланса, дүркүрөгөн мамлекет болмокпуз. Мен президент болгондо электр жарыгы, акча, армия деген жок, жалаң эле бакылдаган саясатчылар бар эле. Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат. Биз башка элбиз. Керек болсо еврейлерге теңбиз, эми алданбагыла», - деди ал.

Президент А.Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердүлүүгүнө токтолуп, анда берилип жаткан каражаттар жаңы ишканалардын ачылышына жумшалышы керектигин жана кыргызстандык ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай колдонуу керектигин белгиледи.

«Коңшулар өздөрү биз менен сүйлөшүүчү мезгил келет деп айткам. Мына досум Шавкат Мирзиёевге рахмат, акылдуу киши. Кийин башка коңшулар дагы түшүнөт. Кыргыз эли башка эл. Бирок ал үчүн намыс ойгонуш керек, ыйман ойгонуш керек...

Албетте, Нарын жергеси өзү да Кыргызстандын керчөөсүндөй болуп турат. Элден дагы дайыма эң кыйындар чыгат, билесиңер. Бабаларыбызды, кийинкилерди дагы унутпагыла, сыймыктанып тургула. Кээ бир Нарындан чыккан адамдар эмгеги менен өзү дагы бай болуп, элге кызмат берип жатат. Мисалы, ошол эле "Дордой" салынды, канча адамга иш берди. Керек болсо Кыргызстандын атагын чыгарды. Кыргыз элинин ар бир жараны бай болушу керек. Албетте, жалкоо менен аракечтер бай болбойт. Ал эми калганы өзүн-өзү баккандай болушу керек. Тапкан тыйынды балдарга, окууга жумшаш керек...

Россиядан келген насыялардын 250 млн доллары ишканаларга жумшалды. Быйылкы жылдан баштап ай сайын жок дегенде бирден ишкана ачылып жатат. Эмки жылдан тарта жума сайын бирден ачылып турат деп ойлойм. Насыяларды Бишкек, Чүй, Жалал-Абад алып жатат. Нарындык ишкерлер эмне үчүн начар алып жатат? Алар насыялардын долбоорлорун түзө албай жатат. Ишканалар ар бир айылда ачылса иш орундары болот», - деди ал.

Андан соң, өлкө башчы курулуп жаткан ипотекалык турак үйлөр он жыл ичинде элдин турак жай маселесин чече тургандыгын белгиледи.

«Мурда бизде көп нерсе жок болчу. Мына биринчи үй салынып жатат. Мен ишенем, бара-бара көп үйлөр салынат. Буга чейин 1,5 миң адам ипотекага үй алса, эми 150-200 миң адам алат. 10 жылдын ичинде үй маселеси өзгөчө бюджеттегилерде, карапайым элде чечилиши керек», - деп кошумчалады А.Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4552
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×