Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарындык ардагер Т.Такырбашов шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды

Turmush -  Нарын шаарынын тургуну Тилек Такырбашов Бишкек шаарында ардагерлер арасында өткөн шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатында баш байгенин ээси болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Оюндун жыйынтыгында шахматчыга медаль, 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылган. Т.Такырбашов спорттун чебери, Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенет. Анын тарбиялануучулары облустук жана республикалык мелдештерде ийгиликтерди жаратып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×