Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында жаш инспекторлор автожүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарында бүгүн, 6-августта «Абайлагыла балдар!» аталыштагы автожүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 8 ай ичинде Нарын облусунун аймагында жалпысынан 79 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 27 адам каза болуп, 154 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми, өспүрүмдөрдүн катышуусунда 22 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондордун саны 5, жаракат алган балдардын саны 25ке жеткен.

Нарын облусунун аймагында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу аракеттери улантылып жатат. Бул жолу Кыргызстанда өтүп жаткан «Абайлагыла балдар!» бир айлык иш-чаранын алкагында Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмү «Жол кыймылынын жаш инспектору» командаларынын катышуусу менен автожүрүш өткөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×