Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдар тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына жана жаңы окуу жылына карата колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү кайрымдуулук фонддон Талант Ниязбеков билдирди.

Маалым болгондой, миң сомго даярдалган окуу куралдары салынган сумкалар 32 балага берилди.

«Бул үй-бүлөлөр фондго кайрылган тизменин негизинде тандалган. Ини-карындаштарыбыздын билим алуусуна кайдыгер карабай, демилгеге колдоо көрсөткөн боорукер байке-эжелерге терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Т.Ниязбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×