Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Эгемендүүлүктүн алкагында Нарында спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын майрамдоонун алкагында спорттун 4 түрү — таяк тартыш, чоюн көтөрүү, аркан тартыш, кол күрөш боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу шаардык жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Рысбек Касмалиев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке мекеме-ишканаларда иштегендер жана меймандар катышып, өздөрүнүн күчүн сынашты. Спорттук мелдешти Нарын шаардык спорт бөлүмү уюштуруп, жергиликтүү бюжеттен 41 миң сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 645
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×