Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

«Таза Нарын» ишканасына «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-августта Нарын шаарындагы «Таза Нарын» ишканасына 300 миң сомдук атайын кийимдер жана жүк ташуучу 492 миң сомдук «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, 95 адам иштеген муниципалдык ишканага техника менен кийимдер жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынды. Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын тазалыгын камсыз кылган ишкананын кызматкерлерине ийгилик каалап, айрым кызматкерлерге акчалай сыйлыктарды жана ардак грамоталарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 719
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×