Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарындын Төш-Булак аймагына биринчи жолу мечит курулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын Төш-Булак аймагына заманбап үлгүдөгү мечит курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мечит Кувейт мамлекетинде ишкердик кылган арабдардын каржылоосунун негизинде курулуп, ачылышы бүгүн болуп өттү.

«Биздин аймакта мечит жок болгондуктан өтө кыйналдык. Жакынкы мечитке баруу үчүн бир нече чакырым аралыкты басчубуз. Бул мечитти Кувейт мамлекетинде иштеген арабдар куруп беришти. Жалпы канча акча сарпталганын айтышкан жок, сыр бойдон калтырышты. Жаңы мечитте бардык шарттар бар», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ошондой эле, мечиттин ачылышына карата жергиликтүүлөргө миң сомдан акчалай жардам жана жер-жемиштер таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 654
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу