Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында эгемендүүлүк күнгө карата даярдыктар жүрүп жатат

Turmush -  Нарын шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын мэриясынын басма сөз кызматынын катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын айтымында, эгемендүүлүк күнгө карата иш-чаранын программасы иштелип чыгып, уюштуруу тобу түзүлүп, анын курамына мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

«31-август күнү саат 10:00дө Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта салтанаттуу иш-чара башталып, облус, шаар жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү куттуктоолорун айтышат. Андан соң, театрлаштырылган оюн көрсөтүлөт. Ошол эле учурда Ала-Тоо стадионунда ар кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, шаардын аймактарындагы эс алуу парктарында спорттук оюндар уюштурулат», - деди ал.

Бул күнү тартип сакчылары шаардагы коопсуздукту сактоо чараларын көрүшөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 900
×