Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарындагы мектептерде дин маданиятынын негиздери сабагы окутула баштайт (видео)

Turmush -  Нарын шаарынын айрым мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта дин маданиятынын негиздери предмети өтүлө баштайт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев билдирди.

С.Кошалиевдин айтымында, жаңы окуу жылынан баштап 6 мектепте дин маданиятынын негиздери предмети окутулуп, анын негизинде окуучуларга дин маданияты жана тарыхы үйрөтүлөт.

«Буга чейин Ү.Асанов атындагы орто мектебинде аталган сабак окутулуп келген. Быйыл Нарын шаарындагы №1, №2, №4, №7, №8 жана Ү.Асанов атындагы орто мектептеринде пилоттук долбоор катары 9-класстарга жумасына 1 жолу тарых сабагынын мугалимдери окутат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу